Кыргызстанда жылына 2 миң гектардан ашык аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

Кыргызстанда жылына 2 миң гектардан ашык аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Ысык-Көл облусундагы Тон токой чарбасынын ишмердүүлүгү жана көчөтканасынын абалы менен жеринен таанышты.

Министрликтен билдиргендей, министр ал жерде көчөттөрдүн абалын көрүп, токой чарбасында өстүрүлүүчү көчөттөрдүн түрлөрүн көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана өстүрүү технологияларын өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле токой чарбасынын ишин натыйжалуу уюштуруу, өздүк кирешесин көбөйтүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерине көңүл бурду.

Акыл Токтобаев алдыдагы жазгы токой отургузуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү, көчөттөрдү өз убагында даярдоо жана токойду калыбына келтирүү иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жыл сайын 2 миң гектардан ашык аянтта токой өстүрүү жана токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Анын алкагында өлкө боюнча 1 миллионго жакын көчөт отургузулуп, мамлекеттик токой фондунун аймактарында 3 миң килограммга жакын токой үрөнү себилет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кытайдагы ишкердик форумуна катышууда

Ысык-Көлдө 23 курулуш объектиси текшерилди

Жалал-Абадда "Арзибай-Ата Компани" ишканасын өнүктүрүү иштери жүрүүдө