Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда

Гүлчө шаарында 120 орундуу бала бакча курулууда

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында 120 балага ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Учурда курулуш иштеринин 85 %ы аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 97 млн сомду түзөт. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган.

Эки кабаттуу имараттын негизги курулушу толугу менен тургузулуп, учурда калган жумуштар аткарылууда. Архитектуралык долбоор боюнча имараттын жалпы аянты 1321 чарчы метрди түзөт.

Жаңы бала бакчада балдардын уктоочу, оюн жана окуу бөлмөлөрү, ашкана, ошондой эле дарыгердин кабинети каралган. Мындан тышкары, бөбөктөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоо максатында оюн аянтчасы да курулууда.

Курулуш-монтаждоо иштерин "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда пенсияларды каржылоо 94 млрд 369 млн сомду түздү

"Өрүкзар" күмүш тыйыны жүгүртүүгө чыгат

Кыргызстанда жылына 2 миң гектардан ашык аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Ош шаарында эки заманбап асма жол куруу пландалууда