"Өрүкзар" күмүш тыйыны жүгүртүүгө чыгат
"Кыргызстандын жаратылышы" сериясындагы "Өрүкзар" күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалымдалгандай, күмүш тыйын бүгүндөн тартып жүгүртүүгө чыкмакчы. Ал расмий төлөм каражаты статусуна ээ болот.
Монетанын алдыңкы бетинде өрүк бутагы чагылдырылып, оң жагында "Өрүкзар" деген жазуу тигинен жайгаштырылган. Ал эми арткы бетинде өрүктүн мөмөлүү бутагы тартылып, оң жак тарабында "Кыргызстандын жаратылышы" деген жазуу тигинен жазылган.
Аталган күмүш тыйындан 1000 даана чыгарылган. Коллекциялык монетаны Улуттук банктын мекемелериндеги кассалардан иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин сатып алса болот. Анын наркы 8220 сом турат.


Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу