Бишкекте Яндекс Кыргызстан жана “Тэкайым” фонду уюштурган Urban Tech хакатонун жеңүүчүлөрү аныкталды: студенттер шаардын коопсуздугу жана өнүгүшү үчүн технологиялык чечимдерди сунушташты

Бишкекте Яндекс Кыргызстан жана “Тэкайым” фонду уюштурган Urban Tech хакатонун жеңүүчүлөрү аныкталды: студенттер шаардын коопсуздугу жана өнүгүшү үчүн технологиялык чечимдерди сунушташты

Яндекс Кыргызстан жана “Тэкайым” фонду Бишкекте шаар үчүн технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча Urban Tech хакатонун өткөрүштү. Байгелүү орундарды үч команда ээледи — алар мектептерди куруу үчүн оптималдуу локацияларды аныктоо, ошондой эле эки интеллектуалдык система- кампустагы энергия жоготууларын башкаруу жана шаардагы жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча долбоорлорду сунушташты.

Urban Tech хакатонуна IT-адистиктери жана ага жакын багыттар боюнча билим алган 200 студент, ошондой эле жаш адистер катталышкан. Беш күндүн ичинде катышуучулар лекцияларды угуп, насаатчылар менен иштеп, командалар менен транспорт, экология, шаардык инфраструктура жана коопсуздук тармактарындагы өздөрунун долбоорлорун өнүктүрүштү. Билим берүү программасынын алкагында Яндекстин эксперттери катышуучуларга кантип шаардык сервистер үчүн идеяларды түзүү керек, шаарда жол кырсыктарын азайтуу үчүн машиналык окутууну колдонуу, ошондой эле таксинин технологиялык коопсуздугу тууралуу айтып беришти.

Хакатондун жыйынтыктоочу күнү финалга чыккан 24 команда өз чечимдерин эксперттик калыстар тобуна жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө сунушташты. Жеңүүчү болуп — мектеп куруу үчүн ылайыктуу жерди тандоо боюнча долбоор сунуштап, мектептин жетишсиздиги маселесин чечүүгө чакырык таштаган Кыргыз-Герман прикладдык информатика институтунун (КГПИИ) Equus командасы аныкталды.

Экинчи орунду кампустардын энергия жоготууларын башкаруучу Smart Building интеллектуалдык системасын иштеп чыккан - КГПИИнин Avalon командасы ээлеп алды. Ал эми үчүнчү орун Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Nova LAB тобуна ыйгарылды — алар жасалма интеллект жана камераларды колдонуу менен шаардагы жол кыймылын реалдуу убакыт режиминде оптималдаштырган акылдуу жол системасын сунушташты. Жеңүүчү командалардын бардык катышуучуларына акылдуу колонкалар-Алиса тапшырылды, ошондой эле биринчи жана экинчи орунга ээ болгон топтордун катышуучуларына кошумча түрдө Яндекс Практикум онлайн-билим берүү сервисинде окуу үчүн сертификаттар берилди.

"Яндекс Кыргызстан IT-билим берүүнүн өнүгүшүн колдойт жана балдар, жаштар, мугалимдер үчүн технологиялар жаатындагы актуалдуу билимдердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө умтулат. Бир нече жыл мурда биз программалоо Мектебин жана өспүрүмдөр үчүн онлайн-курстарды, ошондой эле мугалимдер үчүн программалоо жана нейротармактар боюнча акысыз курстарды ачканбыз. Ал эми Urban Tech хакатону биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана ал окутуу менен практиканы  айкалыштырып турат: бир нече күндүн ичинде катышуучулар технологиялардын жардамы менен чыныгы шаардык маселелерди чечишти. Мындай тажрыйба жаштарга шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган идеялар менен чечимдерди чыгаруу үчүн керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет” — деп белгиледи, Яндекс Кыргызстандын жетекчиси Тилек Сулайманов.

 Хакатондун жаштардын демилгелерин өнүктүрүүдөгү маанисин, долбоордун өнөктөштөрү да белгилешти:

"Urban Tech хакатону ийгиликтүү өтүп, жаштарыбыздын потенциалын көрсөттү. Биз Бишкекти жакшыртууга багытталган чечкиндүү идеяларды жана катышуучулардын чыныгы ниетин көрө алдык. Биз Яндекс Кыргызстан менен биргеликте студенттер жана жаш адистер технологиялар жана проджект-менеджмент тармагында жаңы билим алып, ошондой эле келечекте туура багытта өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бере турган пайдалуу кайтарым байланыш аянтчасын түзүүгө аракет кылдык", — деди "Тэкайым" коомдук фондунун директору Жыргал Ботобаева.

 Хакатондун катышуучулары долбоордун практикалык баалуулугун жана чыныгы тапшырмалар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн жогору баалашты:

"Бул күндөрү биз көптөгөн практикалык билимдерди алып, эксперттер менен иштештик. Жөн гана идея ойлоп табуу эмес, технологиялар шаарга жана элге кандай пайда алып келе аларын түшүнө алдык. Хакатондун 3 күнүндө python, ар кандай маалымат базалары жана китепканалардын жардамы аркылуу биз командабыз менен ыктыярчыларды координациялоо үчүн телеграм-бот түздүк: бот аркылуу коомдук таштанды жыйноону уюштурса, ыктыярчыларды чогултса же кандайдыр бир жардам сунуштаса болот. Хакатон бизге ишеним берип, кайсы багытта өнүгүү керектигин түшүнүүгө өбөлгө түздү", — деп бөлүштү катышуучулардын бири, Кыргыз-Герман прикладдык информатика институтунун студенти Нурислам Абдыкаимов.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

Эмгек министрлиги жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууда

21-августта Бишкекте Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган отурум өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Коллегиялык отурумга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, депутат Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ошондой эле министрликтин

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 25-августта суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 25-августта суу өчүрүлөт

25-августта Бишкектин бир катар аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Саат 09:00дөн 21:00гө чейин Политехническая жана Водопроводная көчөлөрүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Буга диаметри 150 мм болгон эки клапанды алмаштыруу иштери себеп болууда. Ошондой эле саат 10:

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Кыргызстанда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок алып өтүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Жаңы талаптар 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет. Айып пулдун өлчөмү товардын наркына жана укук бузууну ким жасаганына жараша белгиленет. Товардын наркы 500 миң сомдон аз болсо,

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы мунай рыногунун учурдагы абалы, күйүүчү май импорттоо жана керектүү запастарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар менен иштеген компанияларга