Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат

Ак-Талаадагы ишкана суткасына 800 кг сафлор майын өндүрүп жатат

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүү багытында маанилүү кадам ташталды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВВП ООН) долбоорунун каржылоосу менен Түркия Республикасынан заманбап өндүрүштүк жабдуулар алынып келинип, ишканага орнотулду. Учурда өндүрүш линиясы туруктуу иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жаңы өндүрүштүк линия суткасына 800 килограммга чейин сафлор майын чыгара алат. Бул көрсөткүч буга чейин күнүнө 50 литр гана май чыгарып келген ишкананын өндүрүшүн олуттуу жогорулатууга шарт түздү. 2023-жылдын күз айларынан тартып ишкана өткөн жылы 5 тонна, ал эми быйылкы жылы 10 тоннадан ашык сафлор уругун кайра иштетти.

Учурда сафлор майынын бир литри 200 сомдон сатылууда. Жаңы өндүрүш линиясы аймактагы дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү аркылуу кошумча нарк жаратат.

Ак-Талаа районунда сафлор майын өндүрүүнүн өнүгүшү аймактын социалдык-экономикалык абалына оң таасир берип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу