Өзбекстандыктар 2030-жылга чейин 50 өлкөгө визасыз кирип калат
2030-жылга чейин Өзбекстандын жарандары 50 өлкөгө визасыз бара ала турган болот. Расмий маалыматка ылайык, жакынкы жылдары визасыз же жеңилдетилген тартипте кирүү боюнча жаңы эл аралык келишимдер түзүлөт.
Тактап айтканда, 2026-жылы эки өлкө, 2027-жылы беш өлкө менен макулдашууларга жетишүү пландалып жатат. 2028-жылга карата визасыз багыттардын саны 45ке, 2029-жылы 48ге, ал эми 2030-жылы 50гө жетиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары, кирүүнүн жеңилдетилген тартиби колдонулган мамлекеттердин тизмеси кеңейтилет. Электрондук визалар жана чек арадан виза алуу мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдүн саны азыр 42 болсо 2030-жылга чейин 60ка чыгат.
Ошондой эле консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн мобилдик платформа ишке киргизилет. Натыйжада платформанын колдонуучуларынын саны 2025-жылдагы 8,5 миңден 2026-жылы 15 миңге, 2030-жылга карата 100 миңге жетет.
Учурда Өзбекстандын жарандары 35 өлкөгө визасыз бара алышат, дагы 42 мамлекет кирүүнүн жеңилдетилген режимин сунуштап келет.