Кыргызстанда 12-18-январда жаан, кар жаап, Нарында -30 градуска чейин суук болот

Кыргызстанда 12-18-январда жаан, кар жаап, Нарында  -30 градуска чейин суук болот

ӨКМге караштуу гидрометеорологиялык кызматы ЖМКларга 12–18-январь күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болорун билдирди.

Маалыматта Чүй облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экени айтылат. 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаайт. 13-январь күндүз жана 14-январда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Бишкек шаарында 12-январда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, экинчи жарымында жаан жаашы мүмкүн. 13–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Талас облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 12–15-январларда негизинен жаан-чачын күтүлбөйт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.

Ысык-Көл облусунда 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар күтүлөт.

Нарын облусунда 12–15-январларда жаан-чачын болбойт. 16–17-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаап, -30 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы операциянын ар бир күнүнө 1 млрд доллардан сарптап жатканы айтылды

АКШ Иранга каршы аскердик операция башталгандан бери бир нече жыл ичинде топтолгон маанилүү ок-дарылардын корун пайдаланып бүтүргөнүн Financial Times үч булакка таянып жазды. Негизинен сөз Tomahawk канаттуу ракеталары тууралуу болуп жатат. "Аскер-деңиз флоту бул чыгымдардын кесепеттерин бир нече жыл бою сезет", — деп басылма булактардын биринин сөзүн келтирет. АКШнын

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, турак жай куруу тармагы өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет. "Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн

Жыл  башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

Жыл башынан бери Кыргызстан ИДПсы 264 млрд сомго жетти

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоого ылайык 264 млрд 52,5 млн сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экономиканын өсүү темпи бир аз жайлады: 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы ишканалар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун негизги жана акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө "лицензиясыз бизнес жүргүзүү" укуктук режими киргизилет. Бул механизм ишкерлерге өз ишин баштоодо үч айга чейинки өткөөл жана ыңгайлашуу мөөнөтүн берүү максатын көздөйт.