Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда курулуш буму канча жылга созулат?

Кыргызстанда кеминде 10 жылга созула турган курулуш буму болжолдонуп жатканын брифингде Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, турак жай куруу тармагы өсүү жана өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ болуп, ишкерлер үчүн абдан кызыктуу тармак болуп эсептелет.

"Мен кепилдик бере алам, Кыргызстанда кеминде 10 жыл бою өлкөнүн бардык аймактарында калк үчүн турак жайларды активдүү куруу уланат",-дейт ал.

Сейитов белгилегендей, учурда өлкөдө турак жай менен камсыз болуу деңгээли толук 100%га жеткен эмес, ошондуктан кыймылсыз мүлккө жана курулуш материалдарына болгон туруктуу суроо-талап узак убакытка сакталат.

Министрдин орун басары мындай динамика товарлардын кеңири түрү үчүн туруктуу сатуу рыногун түзөрүн кошумчалады.

Анын айтымында, төмөнкү товарларга суроо-талап жогору болот:

  • оңдоо иштерине керектелген материалдар
  • обой
  • мык
  • боёк жана щетка
  • арматура
  • шифер

Сейитов ишкерлерди бул багыттагы иштерге активдүү катышууга чакырып, өлкөдө өндүрүштү диверсификациялоо да улантыларын белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды