Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында райондордо Беккари чуңкурларын уюштуруу зарыл экендигин билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында бир гана Беккари чуңкуру бар, ал 1970-жылдары курулган жана азыр толуп калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар малдын өлүгүн каалаган жерге таштоого аргасыз болууда.

Депутаттын пикиринде, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сунуштаган долбоордун алкагында мындай чуңкурларды өлкөнүн бардык аймактарында курууга мүмкүнчүлүк бар.

Ведомствонун жетекчисинин орун басары Жаныбек Керималиев бул маселе башка долбоордун алкагында каралып жатканын айтты. Ал ошондой эле Беккари чуңкуру толгондо, ал обочолонтула турганын кошумчалады.

Өз кезегинде Ветеринардык кызматтын директору Адилет Сотовалдиев министрлик жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Беккари чуңкурларын крематорийлерге алмаштырып жатканын билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарына Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда төрт крематорий курулган, ал эми Кара-Сууда ири крематорий ишке берилген.

"Биз бул тажрыйбаны бүт республика боюнча киргизүүнү каалап жатабыз", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр

Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагындагы мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Кампа Айгыр-Жал участкасында муниципалдык менчиктеги жер тилкесине курулган. Логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты. Жолугушууларда

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен эсептешүү системасын түзүүнү талкуулады

Финансы министрлигинде министр Алмаз Бакетаев кытайлык делегация менен жолугушту. Делегацияны Ли Синлун жетектеди, ал Шэньси провинциясынын финансы комитетинин башкармалыгынын директорунун орун басары болуп саналат. Жолугушууда тараптар биргелешкен инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргыз тарап Кыргызстандын финансылык институттары жана Кытайдын Шэньси провинциясы катышкан инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул фонд чакан жана