Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

Жапон делегациясы "Кепилдик фондунун" иши менен таанышты

"Кепилдик фонд" ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жапониядан келген делегация менен бир катар жолугушууларга катышты. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти.

Делегацияны Точиги префектурасынын кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Анзай Катсуми жетектеп келди. Жолугушууларга жапон финансылык уюмдарынын өкүлдөрү жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү катышты.

Жолугушууларда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик саясат, каржылык колдоо механизмдерин өнүктүрүү жана ишкерлердин кредиттерге жетүүсүн жакшыртууда Кепилдик фондунун ролу талкууланды.

Жапон делегациясы менен алгачкы жолугушуу Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаевдин катышуусунда өттү. Анда чакан жана орто ишкердикти колдоо өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон калып жатканы белгиленди. Министр Кепилдик фондунун ишкердикти өнүктүрүүдө жана ишкерлердин каржылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Экинчи жолугушуу Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда өттү. Анда Малик-Айдар Абакиров Кепилдик фондунун ишмердүүлүгү жана анын ишкерлерди колдоодогу ролу тууралуу маалымат берип, учурда 2030-жылга чейин чакан жана орто бизнести колдоо программасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Жапон тарап өз кезегинде Японияда кредиттик кепилдик системасынын иштөө тажрыйбасы менен бөлүштү. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кепилдик механизмдерин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну мындан ары да улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Пенсия курагына жетүү жумуштан кетүүгө негизби? Кыргызстанда талаштуу демилге талкууга жем таштады

Пенсия курагына жетүү жумуштан кетүүгө негизби? Кыргызстанда талаштуу демилге талкууга жем таштады

Кыргызстанда пенсия курагына жеткен мугалимдерди жумуштан бошотуу үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда. Демилге жаш адистерди жумуш менен камсыз кылууга багытталганы менен, анын мыйзамдуулугу жана жарандардын эмгек укуктарына тийгизе турган таасири боюнча суроолор жаралууда. Бул демилге кайдан чыкты? Президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушууда жаш мугалимдерди

Ишкер Media
ЖАМКтын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

ЖАМКтын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Аскер прокуратурасы Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүн пара талап кылууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, 27-октябрда жаран М.Ш. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, кызматкер маселесин чечип берүү үчүн 100 000 сом талап кылган. Кылмыш ишинин алкагында шектүү Б.Б. 60 000 сом

Ишкер Media
Жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктап калды

Жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктап калды

Бишкек шаарындагы жаңы "Ош базарынын" негизги курулушу аяктады, эми жол инфраструктурасы бүткөрүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан кабарлашты. Маалым болгондой, соодагерлер жана кардарлар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу соода жайлары курулду. Учурда базарга алып баруучу жолдун курулушу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу

Ишкер Media
Кыргызстанда 6 банкка 370 миң сом айып салынды

Кыргызстанда 6 банкка 370 миң сом айып салынды

Кыргызстанда мыйзам талаптарын бузган алты коммерциялык банкка жалпы 370 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка караганда, төрт коммерциялык банктын ар бирине 65 миң сомдон, дагы эки банкка 55 миң сомдон айып салынган. Банктар керектөөчүлүк кредиттөө жана сүткорлук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук

Ишкер Media