Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет

Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыктар башталганын билдирди.

Тышкы саясат ведомствосунун башчысы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өткөн жыл маанилүү эки тараптуу байланыштарга бай болгонун баса көрсөттү.

Тактап айтканда, Президен Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары болуп, ошондой эле "Борбор Азия — Кытай" форматындагы жолугушууларда жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөн.

Министрдин айтымында, 2026-жыл да кыргыз-кытай мамилелеринде активдүү жыл болот. Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын Кыргызстанга боло турган сапары эки тараптуу күн тартиптеги негизги окуялардын бири болуп саналат. Күтүлүп жаткандай, сапардын программасы мазмундуу болуп, кызматташуунун ар кыл багыттарын камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media
Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет

Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду. Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду

Ишкер Media
Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык

Ишкер Media