Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япониялык ишкерлер Кыргызстандан сурьма жана кремний сатып алууга кызыкдар

Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул маселе Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапарынын алкагында ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төрага менен жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин жетекчилери баштаган ишкерлер катышкан. Алар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин карап, JKII компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы меморандумга кол коюу жараянын тездетүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачуу, энергетика, сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү жана агроөнөр жай тармактарына инвестиция тартуу маселелери көтөрүлдү.

Марлен Маматалиев жапон компанияларын Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга, Кыргызстанда логистикалык борборлорду, кургак портторду жана заманбап терминалдарды курууга катышууга чакырды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана буга чейин жетишилген келишимдерди конкреттүү долбоорлорго айландыруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media
Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкек шаарында курулуш кранын коопсуздук талаптарын бузуу менен пайдаланган "Кент Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуусунун негизинде Юдахин көчөсү, 64 дарегинде курулуп жаткан 19 кабаттуу турак үй текшерилген. Учурда объектте 16-кабаттын жабуусун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ишкер Media
“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот

Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды

Ишкер Media
Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Азамат Эсенбеков Президенттикке талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн Азамат Эсенбеков Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдады. Билдирүүгө караганда, Президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген. Буга чейин Аймен Касенов президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөнү маалым. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Ишкер Media