Ошто 4 муниципалдык объект ижарага берилет
Ош шаарында 4 муниципалдык объектти убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, конкурска аянты жана пайдалануу багыты ар башка болгон төрт объект коюлду.
Алардын биринчиси - Сүрөттүү-Таш айылындагы аянты 61 чарчы метр болгон бир кабаттуу имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 17 миң 294 сомду түзөт. Имаратты тигүү цехи, навайкана же соода түйүнү катары пайдаланууга болот.
Экинчи объект - Калмурзаев көчөсүндөгү аянты 165 чарчы метр жер төлө. Анын баштапкы ижара акысы айына 46 миң 200 сом болуп, спорттук жана ден соолукту чыңдоо ишмердүүлүгүнө арналган.
Үчүнчү объект - Уркуя Салиева көчөсүндөгү аянты 38,75 чарчы метр кампа. Анын баштапкы ижара акысы айына 2 миң 712 сом.
Ал эми төртүнчү объект - Х. Абдуллаев көчөсүндөгү аянты 701,4 чарчы метр социалдык-коммерциялык имарат. Анын баштапкы ижара акысы айына 198 миң 847 сомду түзөт.
Конкурска жеке жана юридикалык жактар катыша алышат. Катышуучулар баштапкы ижара акысынын 10 % өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5 % өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөшү керек.