“Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке банк болот
Кыргызстанда ачылып жаткан “Почта Банк” мамлекеттик эмес, жеке коммерциялык банк болуп саналат. Анын негиздөөчүсү жеке жак болуп, уставдык капиталы 1 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Улуттук банк жаңы финансылык уюмду түзүүгө уруксат берген, бирок банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия бериле элек.
“Тиешелүү документтердин топтому талап кылынат, биз аларды уюштуруучулардан күтүп жатабыз”, - деп билдирди Жапарова.

2026-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандын аймагы боюнча, Улуттук банктын лицензиясын алып, иш жүргүзүп жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар.