Казакстан былтыр дрондук чабуулдардан 480 миң тонна мунай жоготкон

Казакстан былтыр дрондук чабуулдардан 480 миң тонна мунай жоготкон

Казакстандын Энергетика министрлиги Кара деңизде казак мунайын ташыган эки кеме кабылган чабуул тууралуу билдирди.

Министрликтин билдиришинче, "КазМунайГаз" жалдаган Мальтанын желеги астында сүзгөн "Матильда" танкери учкучсуз учактын соккусуна туш болгон. Жарылуудан кийин өрт тутанбай, экипаж мүчөлөрү арасында жабыркагандар болгон эмес.

Ал эми Либериянын желеги менен сүзгөн Delta Harmony танкери мунайды жүктөп алууну күтүп турганда дрон тийген. Чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз. Украина да, Орусия да бул окуя боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Узундугу 1500 чакырымга жеткен Каспий куур консорциуму(ККК) аркылуу Европага ташылган мунайдын 80%ы Казакстанда өндүрүлөт. Былтыр консорциумдун объектилерине бир нече жолу чабуул жасалып, куурдун иши тоскоолдуктарга кабылган.

Казакстан ККК объектилерине жасалган чабуулдардын айынан 480 миң тонна мунай жоготконун былтыр 11-декабрда өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирген. Анын айтымында, Казакстан КККдан баш тартпайт, анткени учурда бул багытка реалдуу атаандаш жок.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке