Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылганын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек.

"Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр бул чек алынып салынды. Айдоочуларга кайрыла кетейин, шашпай эле келгиле, убакыт көп. Азыр күбөлүктөр "Учкун" ишканасында чыгарылат. Баарына жетет", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун бөлүмдөрүндө айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууну каалагандардын узун кезеги жаралып, айрымдардын нааразычылыгын жараткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз спортчулары 2025-жылы 846 медаль утуп алышкан

Кыргыз спортчулары 2025-жылы 846 медаль утуп алышкан

2025-жылы Кыргызстандын спортчулары дүйнөлүк жана Азиялык мелдештерде олуттуу ийгиликтерге жетишип, жалпы 846 медаль жеңип алышканын Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев билдирди. Анын маалыматына ылайык, жеке эсепте кыргызстандык спортчулар: * 267 алтын, * 234 күмүш, * 345 коло медалга ээ болушкан. Мындан тышкары, бир катар

Дагы бир курулуш имаратына 200 миң сом айып пул салынды

Дагы бир курулуш имаратына 200 миң сом айып пул салынды

Кечээ курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерине рейд жүргүздү. Рейддин алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилип, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Имаратты долбоорлоодо жана курууда техникалык регламенттин талаптары сакталган эмес. Ошондой эле алар менен

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында мурда ЖМКларга 40 млн сом жумшалганы тууралуу туура эмес маалыматтар чыгып кеткен. Маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин айтымында, УТРК

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатканын атайын кызматтын билдиришти. Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты. Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон