Быйыл Бишкектеги Спорт сарайын реконструкциялоо иши башталат

Быйыл Бишкектеги Спорт сарайын реконструкциялоо иши башталат

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев бүгүн ЖКнын илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарындагы Спорт сарайынын учурдагы абалы боюнча маселени көтөрдү.

Депутат Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиевге кайрылып, учурда көптөгөн спорттук объекттер оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын, ал эми жаңыланган "Жаштык-Аренада" иш-чаралардын графиги бир жыл мурда эле толук түзүлүп калганын белгиледи. Анын айтымында, ал жерде концерттер да, спорттук мелдештер да тынымсыз өткөрүлүп жатат.

"Көп объекттер оңдолууда. Бизде болсо Спорт сарайы гана калды. Ал жерде олимпиадалык стандарттагы бассейн да бар. Эгер Спорт сарайы өзүн өзү каржылай алса — бассейнди оңдоп, мончону ишке киргизип, футбол талаасын жасап алмак. Ал шаардын так борборунда жайгашкан, бирок анын абалын өзүңүздөр көрүп жатасыздар", — деди Болот Сагынаев.

Өз кезегинде Казыбек Молдажиев Спорт сарайы боюнча Президенттин тапшырмасы бар экенин билдирди.

"Президент Садыр Нургожоевич “Жаштык-Аренанын” ачылышында Спорт сарайын ушуга окшош форматта оңдоп-түзөө жана реконструкциялоо керектигин айткан. Спорт сарайынын макамы өзгөрбөйт — мурдагыдай эле калат. Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге каражат таап, Спорт сарайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тапшырма берген. Азыр бул маселе пландарга киргизилди. Кудай буюрса, быйыл эле, жакын арада ишти баштайбыз", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен