"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

"Кара кыргыз" улуттук сериалын тартууга 35 млн сом жумшалган

 Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында мурда ЖМКларга 40 млн сом жумшалганы тууралуу туура эмес маалыматтар чыгып кеткен.

Маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин айтымында, УТРК каналында сериалдын биринчи сериясы көрсөтүлгөн.

"Бирок кийин Кинематография департаменти тарабынан кийинки серияларды көрсөтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул эфирде кээ бир техникалык катачылыктар табылгандыктан болду. Комиссия түзүлүп, бардык кемчиликтер оңдолгондон кийин сериал кайра эфирге чыгарылат", — деп кошумчалады ал.

Депутат Болот Сагынаев белгилегендей, "Кыргызфильм" көптөгөн тасмаларды тартат, жана аларга миллиондогон сом жумшалат.

"Кээ бир тасмалар өз натыйжасын көрсөтө алган жок. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүп, жеке продакшн студиялар менен кызматташуу зарыл. Алар заказ боюнча тасманы "Кыргызфильмге" караганда  арзан чыгарып, ийгиликке жеткире алышат", — деп кошумчалады депутат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу