Кыргызстанда 340 миң тонна кварц кору бар–А.Кылычбаев

Кыргызстанда 340 миң тонна кварц кору бар–А.Кылычбаев

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев Кыргызстанда күн панелдерин чыгаруучу завод куруу зарыл экенин билдирди. Анын айтымында, учурда күн панелдерин орнотуу үчүн инвестициялар тартылууда.

"Өндүрүш үчүн негизги чийки зат — кварцит. Бизде кварцтын 340 миң тонна запасы бар. Көптөгөн аймактарда күн панелдерин орнотууну суранышууда. Панелдерди өндүрүү үчүн болжол менен 1 млрд доллар талап кылынат. Күн панелдеринен тышкары, башка да бир катар продукцияларды чыгарууга болот. Натыйжада 6 миң адам жумуш менен камсыз болот", — деди депутат.

Ал бул маселени Энергетика министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте талкуулашы керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутаттар "Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашууда. Мыйзам долбооруна ылайык, кайра жаралуучу энергия булактарынын (КЖЭБ) субъекттери электр энергиясын сатуудан түшкөн кирешенин 1%ын жергиликтүү бюджетке которуп турушат. Мындан тышкары, инвесторлор объекттин орнотулган кубаттуулугунун кеминде 30%ына барабар электр энергиясын топтоочу жабдууларды орнотууга милдеттүү болушат.

Мындан тышкары окуңуз

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт

"Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун" коомдук бирикмеси маданият министрлигинин колдоосу менен 6-февралда Бишкекте дизайнерлердин эмгектеринен V республикалык жогорку окуу жайлар аралык көргөзмөнү өткөрөрүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинен билдиришти. Бул көргөзмө мейкиндигинде белгилүү профессионал дизайнерлер — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика,

Кыргызстан өзүн өзү 6 продукция менен камсыздай алат

Кыргызстан өзүн өзү 6 продукция менен камсыздай алат

2025-жылга карата Кыргызстан негизги 9 азык-түлүктүн алтоосу боюнча өзүн-өзү толук камсыздоо деңгээлине жеткенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. Аалар: * жашылча-жемиштер; * картошка; * сүт жана сүт азыктары; * эт жана эт азыктары; * кант; * жумуртка. Ал эми нан азыктары, өсүмдүк майы жана мөмө-жемиштер боюнча муктаждык азырынча жарым-жартылай импорттун

Борбор калаадагы көрүстөндөр тууралуу маалыматтар санариптештирилет

Борбор калаадагы көрүстөндөр тууралуу маалыматтар санариптештирилет

4-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев борбор калаадагы көрүстөндөр тууралуу маалыматтарды санариптештирүү пландары жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, борбор жерге берилген адамдардын саны, бош орундардын бар-жогу, жарандардын кайрылуулары жана көрсөтүлгөн кызматтар боюнча маалыматтарды

Бир жумада дүйнөлүк криптовалюта рыногу 467,6 млрд долларга азайды

Бир жумада дүйнөлүк криптовалюта рыногу 467,6 млрд долларга азайды

Bloomberg агенттиги маалымдагандай, акыркы бир жуманын ичинде дүйнөлүк криптовалюта рыногу дээрлик 467,6 млрд долларга азайды. Төмөндөөнүн лидери эң ири актив — биткоин болду. CoinGeckoнун маалыматтарына ылайык, 29-январдан тарта криптовалюталардын жалпы рыноктук капитализациясы кескин кыскарды. 3-февралда биткоин 2024-жылдын ноябрынан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Ал мезгил АКШда Дональд Трамп кайрадан шайланып,