Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100 өлкөдөн коноктор келет

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100 өлкөдөн коноктор келет

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 өлкөдөн келген коноктор катышарын журналисттер менен болгон жолугушууда Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, оюндардын ачылыш аземи Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы "Бишкек-Аренада" өтөт. Ал эми негизги иш-чаралар Ысык-Көл облусундагы бир катар маданий объектилерде уюштурулат.

"Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө даярданып жатабыз. Негизги максатыбыз — дүйнөгө кыргыз элинин маданиятын, көчмөн цивилизациясынын мурасын таанытуу. Бул маанилүү иш-чараны өткөрүүдө жалпы улуттук биримдикти камсыз кылуу үчүн ЖМКларды активдүү кызматташууга чакырабыз", — деп белгиледи министр.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов да Кыргызстанга 56 өлкөдөн 500дөн ашуун чет элдик журналист келет деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

"Мурунку оюндарда иш-чараны чагылдырууга 600 журналист катышкан. Бул жолу да алардын саны ушундай же андан да көп болушу мүмкүн. Биздин максат — келген меймандарды татыктуу тосуп алуу үчүн бардык шарттарды түзүү жана кыргыз элин бириктирүү", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media