12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.
“Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.
Ага ылайык, Бишкек шаарында:
· саат 09:30дан 12:00гө чейин — Менделеев көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө, Менделеев туюк көчөсүндө, Октябрьская көчөсүндө, Токолдошто жана Токолдош туюк көчөсүндө;
· саат 09:30дан 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу №10 үйдүн 1- жана 2-кире бериштеринде;
· саат 09:30дан 17:30га чейин — Будённый, Рыбинский, Курманжан Датка жана Рязанская көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;
· саат 11:00дөн 15:00гө чейин — Менделеев көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө жана Кийизбаев көчөсүндө;
· саат 14:00дөн 17:00гө чейин — Менделеев, Кийизбаев, Октябрьская, Достоевский көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, Кара-Жыгачта жана Кыдыкеева көчөсүндө.
Батыш райондук электр тармактарынын аймагында саат 09:00дөн 17:00гө чейин - Мурманская, Алыкулов, Москва көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө, «Арча-Бешик» жана «Ак-Орго» конуштарында, Балтагулов көчөсүндө жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.
Бишкекке жакын аймактарда:
· Түндүк райондук электр тармактары: саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кирпичная, Осмонкул, Жданов, Чүйская, Абдыкадырова, Древесная, Суворов көчөлөрүндө жана башка аймактарда, ошондой эле Мраморное жана Рассвет айылдарында;
· Саат 09:00дөн 18:00гө чейин жана 18:30га чейин — Достук айылында, Пригородное айылындагы айрым көчөлөрдө жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы бир катар объектилерде;
· Аламүдүн райондук электр тармактары: саат 09:00дөн 17:00гө чейин Башкара-Суу, Луговое жана Көк-Жар айылдарында.
Электр жарыгы электр жабдууларын оңдоо, техникалык тейлөө, зымдарды тартуу жана алмаштыруу, ошондой эле башка профилактикалык иштерге байланыштуу өчүрүлөт.