30 миң доллар менен ЖАМК колониясынын мурдагы жетекчиси кармалды
Кыргызстанда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына 55 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кайрылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы мекемелердин биринин жетекчисинин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арызданган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын декабрь айында аталган кызматкер Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча соттолгон адамды шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн 30 миң доллар алган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалды. Ал мурда №27 түзөтүү мекемесинин начальниги болуп иштеген. Кармалган жаран Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ички иштер министрлиги аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0709 843 307 же 102 телефондору аркылуу кайрылууга чакырат.