Түркия жаранынын 35 500 долларын алдап алган милиция кызматкери кармалды
Талас облусунда ИИМдин Тергөө кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери Э.М.А. Түркиянын жаранынын акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын апрель айында милиция кызматкери Түркиянын жараны Х.К.нын ишенимине кирип, кымбат баалуу "паслён" тукумундагы чөп өсүмдүктөрүн отургузуу жана өстүрүү, кийин аларды Түркияга экспорттоо долбоорун ишке ашыруу шылтоосу менен андан 35 500 доллар алган. Белгиленгендей, мындай өсүмдүктөрдүн уругунун 1 килограммынын баасы 3 миң доллар турат.
Билдирүүдө айтылгандай, 2025-жылдын октябрь айында чет өлкөлүк инвестор алдамчылык фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ИИМге кайрылган. Бирок арыз ээсинин катышуусунда тийиштүү текшерүү жана тергөө аракеттери жүргүзүлбөстөн, ИИМдин тергөө органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алган.
2026-жылдын 27-январында Түркиянын жараны бул маселе боюнча кайрадан УКМКга кайрылган. Андан соң материалдар прокуратура органдары аркылуу УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлгөн.
2026-жылдын 24-февралында Э.М.А. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Талас шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.