Айпери Медет кызы Албаниядагы "Muhamet Malo – 2026" эл аралык турниринде алтын медаль утту
Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча "Muhamet Malo – 2026" эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок:
- 1/8 финал: Гулмарал Еркебаеваны (Казакстан) — 12:2 (мөөнөтүнөн мурда);
- Чейрек финал: Ванеса Георгиеваны (Болгария) — 10:0;
- Жарым финал: Элмира Ясинди (Түркия) — 14:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Чечүүчү кармашта Айпери дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдез менен кез келди.
Эске салсак, бул балбандар 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында кез келип, анда жеңиш эквадорлук спортчуга оогон эле. Бул ирет Айпери Медет кызы атаандашын 5:4 эсебинде утуп, реванш алуу менен бирге рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.