Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Депутат Дастан Бекешев көп кабаттуу үйлөргө LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 2-мартта Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинде биринчи окууда каралды.

Бекешев мурда президент борбор калаада мындай жарнама экрандарын көчөлөргө орнотууга тыюу салганын эске салды. Анын айтымында, бул туура чечим болгон, анткени XXI кылымда Бишкек заманбап жарнама форматтарына өтүшү керек. Бирок, БШК жана Бишкек мэриясы бардык жагдайларды терең билбей туруп, LED-экрандарды чоң соода борборлорунан башка жерлерге орнотууга тыюу салган.

Депутат Турак жай менчигинин шериктештигине(ТМШ) магистраль жолдордо эмес көп кабаттуу үйлөрдүн имараттарына LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуш кылды. Бекешевдин пикири боюнча, бул киреше булагы ТМШга үйдүн айланасын оңдоп-түздөөгө жана имараттарды ремонттоого жардам берет.

"Конституцияга ылайык, экономикалык ишмердүүлүккө тыюу мыйзам менен гана киргизилиши мүмкүн, бирок мэрия жана БГК бул тыюуну өз буйругу менен киргизген. Азыр бул ТМШлар мамлекеттен подъезддерди ремонттоо үчүн каражат сурап жатат", — деди Бекешев.

Айрым депутаттар бул Бишкекте хаос жаратышы мүмкүн деп эскертишти, башкалары болсо ишкерлерди колдоо зарыл экенин белгилешти.

Комитеттин төрайымы Токтобубу Ашимбаева мыйзам долбоорунда бир катар олуттуу карама-каршылыктар бар экенин айтып, эгер экинчи окууда алар жоюлса, долбоордун концепциясы өзгөрөрүн белгиледи. Соңунда комитет жарнама тууралуу мыйзамга киргизилген сунуштарды четке какты.

Мындан тышкары окуңуз

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Эл аралык эки банк Кыргызстандагы стартаптарды өнүктүрүүгө каражат бөлөт

Депутат Болот Сагынаев 2026-жылдын 2-мартында Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында жаш стартапчыларга каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштады. Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, колдоо боюнча конкреттүү пландар бар: Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы Кыргызстандагы чакан жана

Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ алып баруучулар чагылдырат

Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ алып баруучулар чагылдырат

Жогорку Кеңеште парламенттин ишин чагылдыруу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты ыкчам жеткирүү максатында жасалма интеллектке негизделген система ишке киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы долбоордун алкагында "Мырза" жана "Айым" аттуу виртуалдык телеалып баруучулар каралып жаткан мыйзам долбоорлору жана башка маселелер боюнча видеоматериалдарды

Аксы жана Токтогул РЭТтерине жаңы имарат курууга 16 млн сом каралды

Аксы жана Токтогул РЭТтерине жаңы имарат курууга 16 млн сом каралды

Энергетика министрлигинин аймактардагы эскирген энергообъектилердин административдик имараттарын жаңылоо боюнча тапшырмасына ылайык, Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн жана Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараттары жаңыланып, жаңы имараттар курулат. Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айында аяктайт. Долбоорду каржылоого "КУЭТ" ААК тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн. Демилге

Кыргызстанда биткоинди сомго сатып алууга болот

Кыргызстанда биткоинди сомго сатып алууга болот

Кыргызстан стейблкоиндер багытында алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп эсептелерин Арсен Эдилбек уулу ЖМКларга берген интервьюсунда билдирди. Кыргызстанда учурда эки мамлекеттик цифралык актив — USDKG жана KGST иштеп жатат. Эксперттин айтымында, эң популярдуу инструменттердин бири USDT стейблкоину бойдон калууда. Мамлекеттик стейблкоиндердин болушу ички рынокто кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. "USDKG 100% каржылык министрликтин катышуусу