Кыргызстанда жүргүзүлгөн экологиялык анализ эми ISO 17025 стандартына жооп берет
Кыргызстандын экологиялык анализдери эми дүйнө жүзүндө тааныларын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Экологиялык мониторинг департаментинин лабораториялары атайын текшерүүдөн өтүп, дүйнөлүк ISO 17025 стандартына толук шайкеш экенин далилдеди. Эми бул лабораториялар эл аралык ILAC уюмунун "сапат белгисин" колдонуу укугуна ээ болду. Бул Кыргызстанда жасалган анализдерге дүйнөнүн 70 өлкөсү ишенет дегенди билдирет.





Эми Ош, Баткен же Жалал-Абад облусунда текшерилген абанын, суунун жана топурактын жыйынтыктары эл аралык деңгээлде юридикалык күчкө ээ. Эл аралык соттордо биздин өлчөөлөрдүн тактыгына эч ким шек келтире албайт. Муну менен биздин жабдуулар, иштөө ыкмаларыбыз жана адистердин билими Европа же Япониядагыдай эле деңгээлде экени расмий тастыкталды.
Чек арага жакын жерлердеги экологиялык маселелерде же ири өнөр жай долбоорлорундагы талаштарда Кыргызстан өзүнүн ишенимдүү, көз карандысыз экспертизасын сунуштай алат.
Министрликтен белгилешкендей, бул жетишкендик өлкөнүн экологиялык коопсуздугун коргоо жана заманбап технологияларды жайылтуу багытындагы чоң кадам болуп саналат.