ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды
Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын маалымдады.
Билдирүүгө караганда, бул чечим мыйзам долбоорунун жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, мүмкүн болгон экономикалык жана укуктук кесепеттерди баалоо, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана жарандардын пикирлерин эске алуу максатында кабыл алынды.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ЖЧКнын катышуучулары коомдун уставдык капиталына кошкон салымдарынын чегинде гана тобокелдик тартышат жана эреже катары, компаниянын милдеттенмелери боюнча өздөрүнүн жеке мүлкү менен жооп беришпейт. Бул укуктук конструкция ишкердикти колдоого жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган. Бирок практика жүзүндө, айрым ак ниетсиз адамдар бул уюштуруу-укуктук форманы мамлекеттин, кредиторлордун же контрагенттердин алдындагы милдеттенмелерди аткаруудан качуу үчүн пайдаланган учурлар кездешип жатат – дейт билдирүүдө.
Мамлекеттик салык кызматы инвестициялык климатты чыңдоого, укуктук жөнгө салуунун тең салмактуулугун камсыз кылууга жана салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого багытталган ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишин улантат.