"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

"Энесай" менен "Дордой" жаңы конуштарынын ортосунда 20 гектар аянттагы парк ачылат

Бишкек мэриясы "Энесай" жана "Дордой" турак жай массивдеринин ортосунда парк уюштурууну пландап жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Ал буларды депутат Табылды Муратбековдун эки турак жай массивинин ортосундагы парк куруу боюнча мэриянын планы ишке ашырылабы деген суроосуна жооп берип жатып айтты. Вице-мэрдин айтымында, парк же сквер 20 гектар аянтка уюштурулат.

"Эскиздик план даяр, каржылоо каралган. Бирок айрым маселелер бар. Жерлердин бир бөлүгү жеке менчикте. Биз бул жерлерди мамлекеттик менчикке кайтаруу үчүн сот аркылуу аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, бул жерден Аламүдүн дарыясы агып өтөт. Ал жерде коопсуздук маселелерин чечүү керек. Бул маселелер чечилгенден кийин гана парк ачууга даярдык башталат", — деди Алиев.

Табылды Муратбеков бул маселени тезирээк чечүүнү сунуштап, жашоочулар үчүн ал өтө маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media
У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

У.Ниязбеков: видео-көзөмөлдүн санын жыл аягына чейин 20 миңге жеткирүүгө милдеттүүбүз

Кыргызстанда жыл аягына чейин иштеп жаткан видео-камералардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда. Учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинде өткөн аппараттык кеңешмеде ички иштер министри - Улан Ниязбеков билдирди. Кеңешмеде тартип сакчылар 9 айдын жыйынтыгын чыгарып, коомдук тартипти сактоо жана жаш

Ишкер Media
"Нарын" бажысы декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды аныктады

"Нарын" бажысы декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери текшерүү учурунда декларацияланбаган 36 түрдөгү товарды тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытайдан "К.Б.Г." ЖЧКсынын дарегине келген жүктө үстөл, автосамосвал жана экскаватор тетиктери, гидроцилиндрлер, шиналар жана башка товарлар көрсөтүлгөн. Текшерүүдө кошумча декларацияланбаган товарлар бар экени аныкталган. Товарлар ЕАЭБ

Ишкер Media
Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек-Балыкчы багытындагы поездди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди. Маалымдалгандай, поезд белгиленген график боюнча каттайт. Жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында уюштурулууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media