Бишкекте жылуулук кийинки жумада өчүрүлүшү мүмкүн — мэрия
Бишкек шаарында жылуулук берүү кийинки жумада эле токтотулушу мүмкүн экенин мэрия билдирди.
Эске салсак, эгер абанын орточо суткалык температурасы +8 градустан жогору болуп, кеминде беш күн катары менен сакталса, адатта шаар бийлиги жылытуу мезгилин аяктоо тууралуу чечим кабыл алат.
Аба ырайынын божомолу боюнча, борбор калаада жакынкы жети күн ичинде туруктуу жылуу аба ырайы күтүлүүдө. Күндүз абанын температурасы орто эсеп менен +15…+20 градуска чейин жогорулайт. Түнкүсүн да аба температурасы нөлдөн жогору болот.