Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 35 миң сомдой болот – Нурадил Карыпбаев

Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 35 миң сомдой болот – Нурадил Карыпбаев

Маданият тармагындагы кызматкерлер 1-апрелден тарта, айлык акы көтөрүлгөндөн кийин 35 миңдин тегерегинде алып калышарын "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Финансы министрлигинин Штаттык курам жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев билдирди.

Анын айтымында, бул маданият мекемелери да айыл жергесиндеги, шаардык же облустук деңгээлине жараша бөлүнөт.

"Маданият тармагында да эмгек акынын 100%га чейин көтөрүлүүсүн күтүп жатабыз. Маданият министрлиги менен биргеликте иштер жүрүүдө. Министрлик тарабынан демилгеленип, макулдашуулар менен президент койгон тапшырманын алкагында бардыгы каралат. Президенттик компенсациялык төлөм маданият тармагындагы бардык мекемелердин эң негизги персоналдарына бир ставкага 15 миң сом өлчөмүндө коюлат. Эгерде жарым ставка менен иштеген болсо, жарымы — 7 миң 500 сом төлөнүп берилет", - деди Карыпбаев.

Ошондой эле техникалык кенже тейлөөчү персоналдарга кошумча 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралары кошумчаланды.

Мындан тышкары окуңуз

Жети-Өгүздө Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталып жатат

Жети-Өгүздө Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталып жатат

Жети-Өгүз районундагы Жеңиш — Жайыт — Ак-Терек жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлүп жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 36 чакырымды түзөт. Жолдун 28-30-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо иштери аткарылууда. Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын Титулдук тизмесине киргизилген асфальт төшөө иштеринин алгачкысы болуп

Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды

Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды

Кытай геологдору өлкөнүн түштүк-батышында, Сычуань провинциясынын Маонюпин аймагында ири сейрек кездешүүчү металл кенин табышканын Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлап, Global Times берди. Геологиялык изилдөө учурунда дагы 9,66–9,7 млн тонна сейрек кездешүүчү металл оксиддери аныкталып, аймактагы запастар 300%га өскөнү белгиленди. Жалпы тастыкталган ресурстардын көлөмү болжол менен 10,4

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Орточо эсеп менен алганда эң алыскы Чоң-Алай, Нарын, Кара-Кулжа, Алай-Куу райондорунда 15 жылдан кем эмес иштеген тажрыйбалуу дарыгерлерибиздин айлык маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөрүн “Кабар”агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда бул дарыгерлер 56-60 миңдин

Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот

Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот

Бишкектин Түндүк айланып өтүүчү автожолун реконструкциялоо иштери уланып жатат. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун жүрүү бөлүгү алты тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Курулуш иштери Алматы—Бишкек—Ташкент жана Бишкек—Нарын—Торугарт жол тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууга 537 жумушчу жана 243 атайын техника тартылган.