Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болду

Коста-Рика АКШдан чыгарылган мигранттарды кабыл алууга макулдук берди. АКШ менен Коста-Риканын бийликтери башка өлкөлөрдөн депортацияланган мигранттарды кабыл алуу боюнча алдын ала келишимге кол коюшту. Коста-Риканын президентинин администрациясы билдиргендей, өлкө жума сайын 25ке чейин мигрантты кабыл ала алат деп Reuters агенттиги кабарлады.

Келишимге ылайык, Вашингтон финансылык жактан колдойт, ал эми Эл аралык миграция уюму тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылат.

Буга чейин Коста-Рика АКШдан депортацияланган чет элдик жарандарды кабыл алып келген. 2025-жылдын февраль айында жергиликтүү бийлик АКШдан чыгарылган 200 мигрантты, анын ичинде Индиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын убактылуу кабыл алууга макул болгон. АКШдан чыгарылган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын кабыл алууга Панама, Сальвадор, Руанда жана Ливия да мурда макул болушкан.

АКШнын Жогорку соту 2025-жылдын июнь айында мигранттарды үчүнчү өлкөлөргө депортациялоого уруксат берген.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Мыйзамсыз текшерүү мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес

Президенттин ишкерлерди мыйзамсыз текшерүү боюнча мораторийи 3 тармакка тиешелүү эмес экенин экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул мораторий же чектөө Салык кызматына, Бажы кызматына жана Жарандык авиация агенттигине жайылбайт. “Президент Садыр Жапаров 14-мартта ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды. Документ Улуттук банктын ченемдик актыларын жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Улуттук банктын маалыматына караганда, долбоор 2025-жылдын 28-октябрындагы №237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана 2025-жылдын 28-октябрындагы №238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча

Швейцариялык компания Кыргызстанга алтынды көзөмөлдөөгө жардам берет

Швейцариялык компания Кыргызстанга алтынды көзөмөлдөөгө жардам берет

Кыргызстанга банкноттор үчүн коргоочу боёкторду, ошондой эле товарларды маркировкалоо, аныктыгын текшерүү жана көзөмөлдөө боюнча чечимдерди сунуштаган дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири болгон SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон келди. Аны президент кабыл алды, ошондой эле кийинчерээк Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен жолугуп, алтын жана башка пайдалуу

Кыргыз-тажик чек арасында  мыйзамсыз чыгарылып жаткан 40тан ашык уй кармалды

Кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз чыгарылып жаткан 40тан ашык уй кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында белгиленген өткөрмө пункттардан тышкары ири мүйүздүү малды мыйзамсыз алып өтүү боюнча бир катар аракеттердин алды алынды. Лейлек районунун чек арага жакын жерде чек арачылар Кыргызстандын жарандары башкарган Mercedes-Benz Sprinter унаасын токтотушкан. Жүк бөлүгүнөн ветеринардык жана коштоочу документтери жок 12 баш ири мүйүздүү