Бишкекте 3 күн жол кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте 3 күн жол кыймылына чектөө киргизилет

28-30-апрелде Бишкек шаарында бир катар эл аралык иш-чаралар болот. Буга байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскерлердин аскер кызматкерлери тартылат.
Автотранспорт кыймылы расмий делегациялардын кортеждери өткөн мезгилде, ошондой эле иш-чаралар өтүүчү жерлерде убактылуу чектелет.

Ички иштер министрлиги өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен жарандарды киргизилген чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. Тыгындардын алдын алуу максатында алдын ала маршруттарды пландап, жол кыймылынын эрежелерин сактоону жана автоунааларды борбордук көчөлөрдө калтырбоону сунуштайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды