Нарында 137 млн сомдук мектептин курулушу 90% аяктады

Нарында 137 млн сомдук мектептин курулушу 90% аяктады

Нарын районунун Ак-Кыя айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу 90 пайызга аткарылды. Объектти 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан долбоордун жалпы наркы 137 млн сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында башталган.
Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1611 чарчы метрди түзүп, үч блоктон турат. Мектепте предметтик окуу класстары, компьютердик класс, ашкана, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча жарышка 130дай өкүл катышты

Бишкекте 7 курулуш объектиси текшерилди

Кыргызстандык атчан спортчулар Дүйнө кубогунда 7 байге жеңишти

Дароо алып, акысын бөлүп төлөңүз: BAKAI «Бөлүп төлөө» кызматын ишке киргизди

Өлкөдө 656 чакырымдан ашык ирригациялык канал оңдолду