Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү
Кыргызстанда биринчи жолу электр тармактарында чыңалууну өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматта жаңы технология президенттин тапшырмасынын негизинде ишке киргизилгени айтылат. Алгачкы оңдоо иштери Чүйдүн Маевка айылындагы Биримдик турак жай массивинде өтүп, адистер 0,4 кВ чыңалуудагы аба электр чубалгысындагы изоляторду алмаштырышкан.
Жаңы технологиянын жардамы менен оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда да тургундар электр энергиясын үзгүлтүксүз пайдалана алышкан.
Оңдоо технологиясын киргизүү жана адистерди даярдоо максатында Каракол шаарында чыңалуунун алдында иштөө боюнча адистештирилген Окуу борбору түзүлгөн. Борборду курууга жана жабдууга 55 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Имаратта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, окуу полигону жаңыланган. Ошондой эле заманбап жабдуулар, атайын шаймандар, коргонуу каражаттары жана керектүү техникалар сатылып алынган.
Бул багытты мындан ары өнүктүрүү максатында 2026–2030-жылдарга карата чыңалуунун алдында иштөө технологиясын киргизүү концепциясы иштелип чыккан. Анда жаңы технологияны колдонууну кеңейтүү, адистерди даярдоо жана энергетикалык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо каралган.







Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу