Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды
Бир аптада КР Улуттук банкынын нормативдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 12 алмашуусу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, алардын 10у Бишкек шаарында, экөө Ош шаарында жайгашкан.
Ошондой эле:
- 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом 22 тыйын айып пул салынды;
- Бишкек шаарында 2 жаранга лицензиясыз накталай валюта алмаштырган үчүн 17 миң 500 сомдон айып пул салынды.
Мындан тышкары 19-ноябрдан 24-ноябрга чейин Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайдын лицензиясынын аракети токтотулду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу