Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2,6 млн сомдук товар аныкталды

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2,6 млн сомдук товар аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери АКШдан товарларды алып келүүдөгү мыйзам бузууну аныкташты.“Манас” аэропорту аркылуу бир компаниянын дарегине келип түшкөн жүк «Темир жол бекетинде» текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы мааалымат таратты.

Маалыматка ылайык, документ боюнча товарлар колдонулган кийим-кече, ноутбуктар жана тетиктер катары көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда техниканын бир бөлүгү жаңы экени, ошондой эле декларацияланбаган жаңы электрондук товарлар бар экени аныкталган.

Табылган буюмдардын арасында белгилүү бренддердин планшеттери, ноутбуктары, смарт-сааттары, аудио түзүлүштөрү жана оюн консолу табылган.
Товарлар алынып, убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылды. Соода-өнөр жай палатасынын баалоосу жана бажы органдарынын эсептөөлөрүнө ылайык, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана айып пулдун жалпы суммасы 2,6 миллион сомдон ашкан.

Материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилди. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлдү. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media