Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

26-ноябрда Кыргызстандын Эл аралык университетинде жаштар үчүн бош жумуш орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен кабарлашты.

Иш-чараны Эмгек министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргызстан Эл аралык университети менен биргеликте уюштурууда.

Жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышып, катышуучуларга экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча 4 000ден ашык бош жумуш ордун сунушташат.

Жарманкенин негизги максаты — жаштарды, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн жана жаш адистерди ишке орноштурууга көмөктөшүү, ошондой эле иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө, маектешүүдөн өтүүгө жана жумуш сунуштарын алууга мүмкүнчүлүк берүү.

Ал эми Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөлөр, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтарынын адистери келген жарандарга жумушка орношуу, кесиптик окутуу, "Жаштардын стажировкасы" программасы жана иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоонун башка чаралары боюнча консультация беришет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү

Улуттук банк 12 алмашуу бюросуна 55 миң сомдон айып салды