Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы "Дастан Гранд Хаус" ЖЧКсына таандык төрт курулуш объектисин текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, текшерүүдөн өткөн имараттар З. Жамашев көчөсүндөгү 12 кабаттуу, 9 блоктон турган, Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү 15 кабаттуу, 27 блоктуу, Барпы Сейил көчөсүндөгү 9 кабаттуу, 5 блоктуу жана Ю. Абдрахманов көчөсүндөгү дагы бир 12 кабаттуу, 11 блоктуу объектилер болду.

Көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын бузуу, эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, ошондой эле жумуш орундарын уюштуруудагы кемчиликтер аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, "Дастан Гранд Хаус" ЖЧКсына жалпы 2 млн 200 миң сом айып пул салынды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат

Кыргыз балын Сауд Арабия рыногуна экспорттоо маселеси көтөрүлдү