Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды
Токтогул – "Беш-Таш" автожолунун жалпы 55 километрин капиталдык оңдоо пландалган. Быйылкы жылы анын 21 километрине биринчи катмар асфальт төшөө иштери аткарылган.
Жол III–IV категорияга кирет. Жолдун туурасы 8–10 метрди, асфальттын туурасы 7 метрди түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиргендей, долбоордун алкагында 100гө жакын суу өткөрүүчү түтүк орнотулду.
Аталган автожолдо асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо үчүн жер жумуштары 70%га аткарылды. Аба ырайынын сууктаганына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулду. Иштер кийинки жылы кайрадан улантылып, жолду капиталдык оңдоо иштери жүрөт.
Токтогул – "Беш-Таш" автожолун капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Президенттин стабилдештирүү фондунан атайын каражат бөлүнүп берилген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу