Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидияларына мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидияларына мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун балык чарба субсидиялары боюнча макулдашуусуна кошулду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2026-жылдын 5-майында Дүйнөлүк соода уюмунун Женевадагы штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын ДСУнун Марракеш макулдашуусуна карата Протоколду - Балык чарба субсидиялары боюнча макулдашууну кабыл алуу жөнүндө документти тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өттү.

Аземге Кыргыз Республикасынын атынан ДСУдагы туруктуу өкүлү Омар Султанов жана Экономика жана коммерция министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов катышты.

Макулдашуунун негизги максаты - балыктын ашыкча кармалышына, балык запастарынын түгөнүшүнө жана мыйзамсыз балык уулоого түрткү берген зыяндуу субсидияларды кыскартуу болуп саналат. Документ субсидиялардын айрым түрлөрүнө тыюу салган жаңы эрежелерди киргизет. Атап айтканда, макулдашуу мыйзамсыз, каттоодон өтпөгөн жана жөнгө салынбаган балык уулоо менен алектенген кемелерге же операторлорго субсидия берүүгө тыюу салат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media