Кербенде 540 батирлүү ипотекалык турак жай курула баштады

Кербенде 540 батирлүү ипотекалык турак жай курула баштады

Жалал-Абаддын Кербен шаарында ипотекалык "Хан-Теңири-7" турак жай комплексинин курулушуна расмий түрдө башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып, долбоор президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Долбоордун алкагында 18 блоктон турган алты кабаттуу турак жайлар курулуп, жалпысынан 540 батир пайдаланууга берилет. Анын ичинде 126 бир бөлмөлүү, 306 эки бөлмөлүү жана 108 үч бөлмөлүү батир каралган.

Мындан тышкары, турак жай комплексинде балдар аянтчалары, мектеп, бала бакча, спорттук жана эс алуу жайлары, ошондой эле 453 унаага ылайыкталган автоунаа токтотуучу жай курулат.

Курулуштун башталышына катышкан Каныбек Туманбаев жаңы комплексте жашоочулар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Анын айтымында, бул долбоор Садыр Жапаров тарабынан толук колдоого алынып, аймактардагы жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды. Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул

Ишкер Media
Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн акчаны 40 сомго көтөрүү сунушталды

Мектепте башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн 14 сом кийинки жылдан тарта 40 сомго чейин көтөрүлүшү сунушталды. Агартуу министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорго ылайык, бир окуучунун тамактануусуна жылдык чыгым 3144 сомдон 7824 сомго көбөйөт. Бул үчүн бюджеттен кошумча 2 млрд 965 млн 907 миң 100 сом талап

Ишкер Media
Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ошто 930 орундуу студенттик жатакананын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында курулуп жаткан 930 орундуу студенттик жатакананын курулуш аянтчасында топурактын сапатын текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен 19-октябрда маалымдады. Билдирүүгө ылайык, курулуш аянтчасындагы топурактын тыгыздыгы текшерилип, лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынды. Ал сыноолордун жыйынтыгында топурактын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү аныкталып, анын тыгыздалышынын сапаты ченемдик документтердин талаптарына ылайык бааланат.

Ишкер Media
Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media