Сузакта канал курган ишканага 200 миң сом айып салынды
Сузак районунун Октябрь айылындагы сел каналынын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 19-октябрда Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, курулуш объектисинде долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтердин толук топтому жоктугу жана курулуштун талаптары сакталбагандыгы аныкталды.
Мындан улам "Мелио Строй" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, эскертүү берилди.