Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу 7 жаңы станция ишке кирди
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 4, Кызыл-Суу айылында 3 кубаттоочу станция ишке кирди. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган компания жалпысынан 2026-жылдын башынан бери өлкө боюнча 18 кубатточу станция курган.
Маалыматка ылайык, бул иштер өлкөдө электр унаалары үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экологиялык таза транспортту жайылтууга багытталган.