Өлкөгө 386 млн доллардан ашык чет өлкөлүк инвестиция тартылды

Өлкөгө 386 млн доллардан ашык чет өлкөлүк инвестиция тартылды

2026-жылдын I чейрегинде Кыргызстанга тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялар 386,7 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34%га өстү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, инвестициялардын эң чоң бөлүгү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагына туура келип, 93,6 млн долларды түздү.

Соода тармагындагы инвестициялар 64,5 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 137%га, ал эми маалымат жана байланыш жааты 75%га өскөн. Эң жогорку секирик кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк тармагында байкалып, бул тармакка инвестиция 26 эсеге көбөйүп, 49,5 млн долларга жеткен.

Аймактар боюнча алганда, инвестициялардын көлөмүнүн 30%ы Бишкек шаарына (115,8 млн доллар) туура келди. Андан кийин Таласта - 80,3 млн, Нарында - 69,7 млн, Ошто -68,6 млн жана Жалал-Абадда -43,3 млн каражатты түздү.

Инвестициялардын өсүшү өлкө экономикасына тышкы капиталдын агымы күчөп жатканын көрсөтөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында мыйзам бузууларды аныктады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62