Ысык-Көлдөгү жол курулушун ыкчамдатуу боюнча тапшырма берилди
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда бир катар объекттерде курулуш иштери белгиленген тартипке ылайык уланып жатканы маалым болду.

Иш сапардын жыйынтыгында айрым тилкелердеги иштерди ыкчамдатуу, курулуш материалдарын үзгүлтүксүз жеткирүү жана жумушчу күчүн көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилди.