"Келечек" кепилдиги: жарандар 1,3 млрд сомдон ашык ипотекалык насыя алышты
"Кепилдик фонд" ААКнын "Келечек" кепилдик программасынын негизинде 267 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
30-июнга карата берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 334,3 млн сомду түзүп, жарандар банктардан 1 млрд 352,5 млн сомдон ашык ипотекалык насыя ала алышкан.
Берилген кепилдиктердин 60%дан ашыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына туура келет. Тактап айтканда, ушул мезгилде жалпы суммасы 206,6 млн сомду түзгөн 162 кепилдик берилген.
Маалыматка ылайык, "Келечек" кепилдик кызматы 2025-жылдын экинчи жарымында ишке кирген. Кыска убакыт ичинде ага суроо-талап жогору болуп, турак жай алуудагы баштапкы төлөм маселесин чечүүгө жардам бергени айтылат.