Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу берилбейт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу берилбейт

10-июлда саат 09:00 чамасында ХБО суу топтомосунда электр тармагына байланыштуу өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы маалымдады.

Кырдаалга байланыштуу борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү убактылуу чектелди. Суу жок болгон аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

Чыгыш ЧЧК – Анкара көчөсү – Кыдыр-Аке көчөсү – Оберон көчөсү – Лев Толстой көчөсү – Аламүдүн суусу – М. Горький көчөсү – 7-апрель көчөсү – Чыгыш ЧЧК.

Учурда адистер авариянын себептерин аныктап, кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда суу топтомосунун электр энергиясы толугу менен өчүрүлөт. Насостук жабдуулар электр энергиясы менен иштегендиктен, бул аралыкта суу берүү мүмкүн болбой турганы айтылды.

"Бишкексууканал" тургундарга ичүүчү сууну ташып жеткиришет.

Ишкана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалыматтар берилерин айтып, жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media