Бишкек шаардык мэриясы кызматкерлерин велосипед менен жүрүүгө үндөөдө

Бишкек шаардык мэриясы кызматкерлерин велосипед менен жүрүүгө үндөөдө

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери арасында велосипед маданиятын өнүктүрүүгө багытталган демилгени ишке ашырууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор велосипедди шаар ичинде жүрүүнүн толук кандуу каражаты катары жайылтууга, экологиялык жактан таза шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, жолдордогу транспорттук жүктөмдү азайтууга жана шаардык чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга багытталган.

Демилгеге катышуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Ага мэриянын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ошондой эле муниципалдык ишканалар менен мекемелердин кызматкерлери күн сайын жумушка барып-келүүдө велосипедди колдонуу аркылуу катыша алышат.

Демилгенин негизги максаты – велосипед шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу, жеткиликтүү жана натыйжалуу транспорт каражаты экенин көрсөтүү. Ошондой эле ал экологиялык абалды жакшыртууга, жарандардын ден соолугун чыңдоого жана шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Эң активдүү катышуучулар мэриянын расмий маалымат булактарында белгиленип, кварталдын жана жылдын аягында белгиленген тартипте сыйланышат.

Демилге ыктыярдуу негизде ишке ашырылат жана Жол кыймылы эрежелерин милдеттүү түрдө сактоого тийиш.

Велосипед маданиятын өнүктүрүү заманбап, экологиялык таза жана ыңгайлуу шаарды калыптандыруунун маанилүү багыттарынын бири. Муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлери өз үлгүсү менен туруктуу шаардык мобилдүүлүктүн артыкчылыктарын көрсөтө алышат жана борбор калаанын тургундары үчүн жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө салым кошо алышат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media