Курулуш министрлиги: жемкорлукка каршы тандоодо 180 кызматкер добуш берди

Курулуш министрлиги: жемкорлукка каршы тандоодо 180 кызматкер добуш берди

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында жемкорлукка каршы “Чынчылдыкты тандоо” аталышындагы акция уюштурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында добуш берүү өтүп, ага 200гө жакын кызматкер катышты. Катышуучуларга жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган эки окуянын бирин тандоо сунушталды.

Биринчи окуяда чынчылдык, таза эмгек, санариптештирүү жана бакубат келечек идеялары чагылдырылса, экинчи окуяда жемкорлуктун кесепеттери, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана адамдын мүмкүнчүлүктөрүн жоготуу сыяктуу терс көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 148 кызматкер чынчылдыкты жана татыктуу келечекти тандаган. Ал эми 32 катышуучу коррупцияга каршы күрөштө мыйзамдагы жоопкерчиликтин сөзсүз колдонулушу мыйзамсыздыкка бөгөт коюуда маанилүү экенин белгилеген.

Министрлик белгилендей, жыйынтык кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн жемкорлуктан баш тартуунун себеби жаза коркунучу гана эмес, ошондой эле чынчылдык, кесиптик этика, жоопкерчилик жана коомго кызмат кылуу экенин көрсөткөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана дыйкандарды колдоо;

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда тогуз айда 33 мектеп, 37 мекеме курулду

Кыргызстанда ушул жылдын январь–сентябрь айларында 33 мектеп, 37 мекеме курулду. Бул тууралуу 19-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 9 айында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380,0 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62,2%га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7

Ишкер Media
Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Ата-энеси жок 13 бала Мета-Илимий университетинде акысыз окууда

Эмгек министринин биринчи орун басары Арлен Алиясов Эл аралык Мета-Илимий университеттин ректору Нурлан Исмаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жолугушууда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жана аярлуу катмардагы жаштардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү талкууланды. Университетте учурда ата-энеси жок 13 бала акысыз

Ишкер Media