Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти
2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат.
Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд долларлык товар экспорттолгон. Экспорттун көлөмү 2025-жылдын январь–август айларына салыштырмалуу 19,5% өскөн. Ал эми импорт 11,9% көбөйүп, 9,7 млрд долларга жеткен.
Импорт экспорттон 4,3 эсе көп
Жалпы товар жүгүртүүнүн 81%ын импорт, 19%ын экспорт түзгөн. Башкача айтканда, Кыргызстан чет өлкөлөргө саткан товарларына караганда сырттан кыйла көп товар сатып алган. Экспорт менен импорттун ортосундагы айырма 7,46 млрд долларды түздү. Бул өлкөнүн товар соодасында терс сальдо сакталып жатканын көрсөтөт.
Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин үлүшү 36%ды түздү. Анын ичинде экспорттун 34%ы, импорттун 36,5%ы ушул өлкөлөргө туура келген. Ал эми ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттер менен сооданын үлүшү 64% болду.
Кайсы аймактар менен көбүрөөк соода жүргүзүлөт?
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын сегиз айында:
- КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 5,3 млрд долларды;
- Азия өлкөлөрү менен 4,98 млрд долларды;
- Европа өлкөлөрү менен 1,45 млрд долларды;
- Америка өлкөлөрү менен 265,1 млн долларды түзгөн.
Экспорттун көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрү биринчи орунда турат — 1,07 млрд доллар. Андан кийин Европа өлкөлөрү — 812,7 млн доллар жана Азия өлкөлөрү — 381,3 млн доллар.